Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Фото - Кара-Балтада батирден көчүрүлгөндө мойнун кескен киши эки баласын жалгыз тарбиялап жаткан

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлгөн эркек киши эки кичинекей баласы менен бул үйдө убактылуу жашап жаткан. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анын кошуналары эркек киши жашаган батирге келип, анын жакшы сапаттарын айтып колдоп турушту.

Батирден көчүрүү учурунда А.А.ны укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми анын эки баласын социалдык бөлүмдүн өкүлдөрү алып кетишти. Социалдык тармактын кызматкерлери Рита Эсенова жана Каныгүл Абдраимованын айтымында, А.А. башка энелерге караганда балдарын жакшы багып жаткан. Ал эми, өспүрүмдөрдүн энеси балдарын таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен.

Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлүп жаткан эркек киши өзүнүн мойнун кесүүгө аракет жасады. Бүгүн, 15-июнда ал жашаган батирге сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен чогуу келишти.

Эркек киши жашаган батир 2007-жылы ээсиз калган мүлк катары эсептелген. Анын учурда 2 жана 7 жаштагы балдары бар. Алардын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Жакында бул батирдин ээси табылып, ал 2016-жылы үйдү мурунку ээсинен алган ырастоочу документтин негизинде мыйзамдаштырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, батирдин мурунку ээси 2006-жылы каза болуп калган. Ал эми, үйдүн азыркы ээси Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутаты Ольга Архипованын айтымында, батирдин жашоочуларын көчүрүү тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан.

Көчүрүлүп жаткан эркек кишинин жактоочусу үй туура эмес мыйзамдаштырылганын айтты.

«Батир мурунку ээсинин тилкаты менен гана туура эмес мыйзамдаштырылган. Ал эми, тилкат кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн», - деди ал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3850
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×