Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - Кара-Балтада экс-депутаттын батиринен көчүп жаткан эркек киши өз жанын кыюуга аракет жасады

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин мурунку депутатына тиешелүү батирден көчүрүлүп жаткан эркек киши өзүнүн мойнун кесүүгө аракет жасады. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 1979-жылы туулган эркек киши өз өмүрүнө кол салып, мойнун жана колун кесүүгө аракет жасаган. Бүгүн, 15-июнда ал жашаган батирге сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен чогуу келишти.

Эркек киши жашаган батир 2007-жылы ээсиз калган мүлк катары эсептелген. Анын учурда 2 жана 7 жаштагы балдары бар. Алардын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Жакында эле бул батирдин ээси табылып, ал 2016-жылы үйдү мурунку ээсинен алган ырастоочу документтин негизинде мыйзамдаштырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, батирдин мурунку ээси 2006-жылы каза болуп калган. Ал эми, үйдүн азыркы ээси Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутаты Ольга Архипованын айтымында, батирдин жашоочуларын көчүрүү тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан.

Ал эми, көчүрүлүп жаткан эркек кишинин жактоочусу үй туура эмес мыйзамдаштырылганын айтты.

«Батир мурунку ээсинин тилкаты менен эле туура эмес мыйзамдаштырылган. Ал эми, тилкат кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн», - деди ал.

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлгөн эркек киши эки кичинекей баласы менен бул үйдө убактылуу жашап жаткан. Анын кошуналары эркек киши жашаган батирге келип, анын жакшы сапаттарын айтып колдоп турушту.

Батирден көчүрүү учурунда А.А.ны укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми анын эки баласын социалдык бөлүмдүн өкүлдөрү алып кетишти. Социалдык тармактын кызматкерлери Рита Эсенова жана Каныгүл Абдраимованын айтымында, А.А. башка энелерге караганда балдарын жакшы багып жаткан. Ал эми, өспүрүмдөрдүн энеси балдарын таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10035
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×