При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Мекендештер: Алтайдагы университетте окуган Гүлайым «XXI кылымдын лидери» титулуна ээ болду (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында 1995-жылы төрөлгөн Гүлайым Исманбекова.

Ал Аламүдүн районундагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебин аяктап, Россия Федерациясынын Алтай аймагындагы Алтай мамлекеттик университетине кабыл алынган. Учурда 4-курста окуйт. Аймактык кабарчы Гүлайым Исманбекова менен маектешти.

- Гүлайым, сизди аталган университетте активдүү студент деп айтышат экен, кандай ийгиликтер болуп жатат?

- Мен бул окуу жайда бюджеттик негизде окуп, баардык жетишкендиктерим үчүн жогорулатылган стипендия алып жатам. Бир аз болсо дагы ата-энеме жеңилдик болот деп ойлойм. Андан башка Татарстандагы Казань шаарында болуп өткөн Бүткүл Россиядагы студенттердин форумунун, Санкт-Петербургда өткөн студенттик коомдун жетекчилеринин форумунун, Москвада өткөн Россиядагы чет өлкөлүк студенттердин форумунун катышуучусумун. Ростов-на-Дону шаарында өткөн россиялык студенттер арасындагы долбоор жазуу сынагынын лауреаты жана «21-кылымдын лидери» титулунун ээсимин. Окуудан дагы жалаң «4» жана «5» деген бааларды алам.

- Кандай таланттарыңыз бар?

- Талантка деле бай эмесмин. 11-класста комуз черткенди үйрөнүп, андан бери бир топ жыл өтсө да ошол күүлөр эсимде. Андан кийин университетте көптөгөн ийримдерге катышып, өзүмдү баардык жактан баалап көрдүм. 1-курстан баштап кытай тилин үйрөнүп, 2015-жылы «Конфуций» институтунун стипендиясынын сынагында жеңүүчү болуп, бир семестр Кытайга барып окуп келдим. Азыр кытай жана англис тилдерин түшүнүп, сүйлөй алам.

- Коомдук иштерге да активдүү катышат окшойсуз? 

- Ооба, мен мектепте окуп жүргөн учурда эле коомдук иштерге катышууну абдан жакшы көрчүмүн. Университетке келгенде бир аз сабактан кыйналсам дагы окууну жана коомдук иштерди дагы бир алып кетүүнү чечтим. Башында тайпама башчы болуп шайланып, андан көп өтпөй факультеттин активисттеринин катарына кирдим. Россиядагы окуу жайларда жаштарды колдогон программалар абдан көп. 2015-жылы март айында «Чет элдик студенттердин коомчулугун» ачып, азыркы күнгө чейин жетектеп келем. Биздин коомчулукка Кыргызстандан, Казакстандан, Түркмөнстандан, Кытайдан, Тажикстандан, Монголиядан келип окуган студенттер киришти.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Келечекке койгон максаттарым абдан көп. Кудай буюрса баардыгына өз убагы менен жетишем деп ойлойм. Азыр эң негизгиси окуумду ийгиликтүү аяктап, өз өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошкум келет.

- Эми үй-бүлөӊүз, бир туугандарыӊыз жөнүндө айта кетсеӊиз…

- Үй-бүлөдө бир туугандардын эӊ улуусумун. Менден кийин эки сиңдим, бир иним бар. Сиңдилерим Бишкектеги окуу жайларда окушат, ал эми иним бала бакчага барат. Мен өзүм чоң ата, чоң апамдын колунда чоноюп, аларга абдан жакынмын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу