При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фрунзе айылынын тургундарына бир жумадан кийин таза суу берилди (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө таза суу чыгаруучу насос күйүп кетип, жергиликтүү тургундар бир жума суусуз калышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Манас Мураталиев билдирди. Анын айтымында, каражаттын тартыштыгынан таза суу чыгаруучу насос өз убагында оңдолгон эмес.

«Насос күйүп кетиптир. Суу бар, бирок насос өз убагында оӊдолгон эмес. Ага биринчиден каражаттын жоктугу себеп болсо, экинчиден суу тармагына жоопкерчилик алган киши болгон эмес. Суу маселеси боюнча кызматкерлерге тапшырма берилип, ыкчам иштердин натыйжасында Фрунзе айылынын көчөлөрүнө таза суу жиберилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу