При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Астанадагы EXPO-2017ге катышкан кыргыз саяпкерлер 1 млн теңге жана 20 миң доллар утушту

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында EXPO-2017 эл аралык жармаңкесинин алкагында уюштурулган спорттук мелдештерге катышкан эки кыргыз саяпкери байгелүү орундарды ээлешти.

Turmush басылмасынын кабарчысы мелдештин катышуучуларына шилтеме берүү менен билдиргендей, Аламүдүн районунун тургуну Дүрбөлөң уулу Эдил кунан чабыш боюнча мелдеште 3-орунду ээлеп, 1 миллион теңге (азыркы курс боюнча 216 миң 600 сом) утуп алды.

Ошондой эле, Кара-Балта шаарынан барган саяпкер Канат Дөөлөтбаков 2400 метр аралыкка жарышуу боюнча мелдеште 2-орунду багындырып, 20 миң долларга ээ болду (азыркы курс боюнча 1 млн 369 миң 176 сом).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3546
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу