При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Дүйнөдөгү күчтүү мушкерлердин бири Э.Сакенов Г.Аноприевдин колунан тарбияланды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Догдурбек Курманалиев айылында 1987-жылы төрөлгөн Эрмек Сакенов СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Аноприевдин колунан машыккан. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

«Курманалиев айылындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөм. Бокс менен 2005-жылдан бери машыгып келем. Кант шаарындагы балдарды машыктыруучу мектепке барып, СССРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу Генадий Аноприевдин колунан тарбиялангам. Кийин ал менин машыктыруучум болуп калды», - деди спортчу.

Э.Сакеновдун бокс менен машыкканына байыл 10 жылдын жүзү болду.

«Ушул күнгө чейин олимпиадаларга барган эмесмин. Бирок, Кыргызстандын ичиндеги жана чет өлкөдөгү чоң мелдештерге катышып, ийгиликтерди жараттым десем болот. Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештердин жана Кыргызстандын көп жолку чемпионумун. Учурда дүйнөнүн күчтүү мушкерлеринин арасында 5-орунду ээлейм. Мындан тышкары футбол ойнойм», - деди ал.

Спортчу учурда үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×