Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Чүйдө балдарды бекер дарылоо акциясы башталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунда «Биздин балдар – планетанын келечеги» ден соолук акциясы башталды. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган акциянын алкагында бардык балдарга бекер дарылоо жүргүзүлөт.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына караганда, бардык ата-энелер балдарын дарыгерлерге көрсөтүп, анализ тапшырып, кеп-кеӊеш ала алышат. Учурда бул иш-чара Кемин районунда өткөрүлүп жатат.

Буга чейин Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Чүй облусу боюнча 30-майдан 30-июнга чейин «Биздин балдар – планетанын келечеги» ден соолук акциясын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бир айлык иш-чара жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 867
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×