Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балтадагы катуу шамал үйдүн чатырын учуруп кетти

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы катуу шамал турак үйдүн чатырларын учуруп кетти. Гидрометеорология агенттигинин билдирүүсү боюнча, кечээ, 13-июнда саат 21:00дөн 23:10гө чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге  жеткен катуу шамал катталды. Адамдар жабыркаган жок. 

Шамалдан кийин ӨКМдин райондук бөлүмү тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайдын 4 шифери учканы аныкталган. Ошондой эле, шаардык электр тармактар ишканасы тарабынан шамал токтогонго чейин шаарда убактылуу электр жарыгы өчүрүлгөн.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:02,   16.10.2017   ( 0 адам окуп жатат)
×