Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Аламүдүндүк Н.Батыралиев 3-классында күчүк сатып, жалгыз жашаган кемпирге суу ташыган араба алып берген (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынын тургуну Нурсултан Батыралиев 1-классынан баштап коомдук иштер менен алектенип, кайрымдуулук иштерди жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурсултан Батыралиев 1994-жылы 9-октябрда Таш-Дөбө айылында төрөлгөн.

«Эӊ биринчи жолу 3-классымда чоң ит багып, анын күчүктөрүн сатып, айылдагы жалгыз кемпирге суу ташыган араба сатып бергем. Ошентип, кайрымдуулук иштерин жасап баштагам. Мектепте окуп жүргөндө майда болсо да көп иштерди аткардык. Мисалы, балдарды чогултуп мечитти, кары-картаңдардын үйүн, короосун тазалап, күнүмдүк иштерин аткарып берчүбүз. Ал эми, колледжде окуп жүргөндө эки күн таза кыргыз тилинде сүйлөө жана улуттук стилде кийүүнү сынактарын өткөрүп жүрдүк. Кийин жогорку окуу жайга тапшырып, 1-курста саясий партиянын жаштар канатын бир жыл башкардым. 2-курста окуу жайлар арасында КВН өткөрсөм, 3-курста Ак калпак күнүнө карата 200 ыктыярчы чогултуп, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин тазалап келдик. 4-курста Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин активдүү студенттеринен куралган "Жатакана жаштары" коомдук бирикмесин түздүм. Ал коомдук бирикмеде 3 багыт камтылган. Биринчи багыт кайрымдуулук, экинчиси инсандык жактан өнүгүү болсо, үчүнчүсү таза шаар деп аталды. Бул коомдук бирикменин курамындагы 170 студент карылар үйүнө барып, имараттын ичин жууп жана короосун тазалап, бак-дарактарды актадык», - деди ал.

Бүгүнкү күндө Н.Батыралиев ачкан коомдун мүчөлөрү көбөйүп, ыктыярчылардын саны 1 айда 800гө жеткен.

«Азыркы учурда бир жумада бир жолу кайрымдуулук кылабыз. Совет учурундагы "Тимуровцы" деген тайпадай болуп, жума сайын карылар үйүнө, кийинкисинде балдар үйүнө барып, жардам берип турабыз. 2016-жылы жалпы 16 жерге жардам берип, 85 миң сом акча сарптадык. Бул каражат демөөрчүлөрдөн жана жардам берүүнү каалаган жарандардан чогулду. 2017-жылы Кыргызстандагы жаш коомдук бирикмелердин башын бириктирип, "Кайрымдуулук көчөт" акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы карылар, балдар үйлөрүнө 15 күндүн ичинде 500 көчөт отургуздук. Бул акцияны Ош шаарынын жаштарына өткөрүп бердик. Аталган акция 7 дубанда уланат», - деди ал.

Н.Батыралиев окуудагы жетишкендиги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Исанов жана Менделеев атындагы степендиянын ээси болгон.

«Р.Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фонддун ыраазычылык катын алдык. Өзүм Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебине 2002-жылы 1-класска кабыл алынгам. 11-классты колледжде аяктадым. Албетте, мектепте да, колледжде да жалаӊ беш деген баа менен окучумун. 2012-жылы Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине өтүп, 2016-жылы ийгиликтүү аяктадым. Азыркы учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетине тапшырып жатам.

Уюштуруучулук жагынан талантым бар. Адамдар менен бат тил табышып, ар кандай иш-чараларды тез эле өткөрө салам. Мындан тышкары, Чүй облустук волейбол курама командасында ойноп, көптөгөн ийгиликтерди жаратып жүрөбүз. Үйдө апам экөөбүз 50 сотых жерге кулпунай өстүрүп, дыйканчылык да кылабыз. Убагында кафе жана ресторандарда администратор болуп иштегем. Жайкы эс алуу учурунда Россияга барып, бармен болуп иштеп келчүмүн. Ошондой эле, студент кезде жатаканада комендант болуп иштеп, тамадалык да кылчумун», - деди ал.

Нурсултан үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

«Атам куруучу болуп иштейт. Апам болсо ооруканада медайым болуп эмгектенген, азыр үйдө мага дыйканчылыкка жардам берип жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2004
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×