При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Кара-Балтадагы үйдөн жардыруучу зат табылды

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы жеке турак үйдөн РГД5 гранатасы табылды. Аны шаардагы Суворов көчөсүнүн тургундары бүгүн, 13-июнда пайдубалдын айланасын казып жатып таап алышкан. Алар дароо эле милицияга кабарлашканын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге милициянын, ӨКМдин тез жардам кызматынын кызматкерлери келишти. Учурда Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясы тарабынан гранатаны жок кылуу иш-чарасы жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу