При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Мерке—Бишкек каттамындагы поезд кичи автобусту 100 метрдей сүйрөп кеткен

Turmush -  Мерке—Бишкек темир жол каттамындагы поезд Чүйдөгү Москва районунун аймагынан «Мерседес Бенц Спринтер» кичи автобусун сүзүп, бир нече метрге чейин сүйрөп кетти. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, окуя кечээ, 11-июнда саат 19:15 чамасында темир жолдун Петровка айылына бурулушта болгон.

Болжол менен 100 метрден ашык аралыкка сүйрөлгөн кичи автобусту 67 жаштагы эркек киши башкарып бара жаткан. ИИМдин өкүлү Н.Сарымбетовдун айтымында, темир жолдон унааны патрулчулар алып чыгышты.

Ош шаарынан борборду көздөй келе жаткан унаанын айдоочусунун айтымында, темир жолго токтоткон унаа поезд келе жатканда жүрбөй калган. Поездди айдоочусу унаага 70 метрдей аралык калганда токтотууга жетишкен, бирок ал токтогондон кийин 500 метрдей аралыкка чейин жүрүп барат.

«Мерседес Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу жеңил жаракат алып, ооруканага баруудан баш тартты. Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1185
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:53,   16.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу