При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Чүйлүк М.Жапаркулова кичинекей кыздарга модалуу юбкаларды тигип берет (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Чүй айылынын 26 жаштагы тургуну Мунара Жапаркулова учурда мода болуп жаткан туту юбкаларын тигип сатууда. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Бул иш менен жарым жылдан бери алектенип жүрөм. Мындай идея интернет желелерин карап отуруп жаралды. Алгач кыздарыма жаӊы жылга өзгөчө белек жасагым келди. Аларга майрамдык костюмдарды тигип берүүнү чечип, туту юбкаларын тигип баштадым. Биринчисинде юбкаларды интернеттеги сүрөттөгүдөй кылып тиге албай жүрдүм. Бирок, аракет кылып жатып окшоштурдум. Жасагандарым өзүмө да, башкаларга да жакты. Иштин жүрүшү да жакты. Май айларында мага 20 эне кыздарына туту юбкасын тиктирүүгө буйрутма беришти», - деди ал.

Анын эмгектеринин баалары юбканын кездемесине жана өлчөмүнө жараша бычылат.

«Кимдир бирөө узун тиктиргиси келсе, айрымдары кыска тиктиргиси келет. Бир юбканы болжол менен 450 сомдон жогору баалайм», - деди ал.

М.Жапаркулова 1991-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 749
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу