При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Видео - Аламүдүндө 4 жаштагы кызды сүзүп, өзү качып кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылынан 4 жаштагы кызды сүзүп кеткен унаанын 16 жаштагы айдоочусу кармалды. Катуу ылдамдыкта бара жаткан «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча, 10-июнда саат 16:30да айылдын Сары-Челек көчөсүндө 4 жаштагы кызды унаа сүзгөнү тууралуу маалымат берилген. Көп узабай милиция кызматкерлеринин ыкчам тобу ошол аймактагы гараждардын биринен кызды сүзгөн унааны таап, анын 16 жаштагы айдоочусун кармады. Белгилүү болгондой, өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү болгон эмес.

Учурда унаа айып жайга токтотулуп, шектүүгө карата чара көрүү маселеси каралып жатат.

Борбордогу №3 балдар ооруканасындагы башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбеков жабырлануучу — 2013-жылы туулган А.А. хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.


Видео: «Репортер».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×