Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин төрагалыгына 29 жаштагы Э.Усубалиев шайланды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин төрагалыгына 29 жаштагы Усубалиев Элдияр Алмазбекович шайланды. Бул туралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-июнда айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү. Анда, төрагалыкка Элдияр Усубалиев жалгыз талапкер болуп, 9 депутаттын биргелешкен чечими менен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Э.Усубалиев 1988-жылы Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 940
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×