При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Кара-Балтада мураскер болбой калган аял энесинин үйүн өрттөдү

Turmush -  Кара-Балта шаарында жашаган аял мураскер болбой турганын билгенден кийин апасынын үйүнө өрт койду. Анын кесепетинен энеси колунан күйүк алып, бөлмөдөгү буюмдар, эмеректер өрттөндү.

Жайыл райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору Нурлан Мудинов Turmush басылмасына билдиргендей, кечээ, 8-июнда саат 15:35 чамасында өрт тууралуу маалымат берилген. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке жеткен учурда коңшулары өрттү өчүрүүгө жетишкен.

Өрт чыккан үйдө 1933-жылы туулган Н.Хадича (майыптыгы боюнча каттоодо турат) жана анын 1971-жылы туулган кызы А.Гаухария жашачу. Күбөлөрдүн айтымында, акыркы күндөрү алардын ортосунда үйгө байланыштуу көп чыр-чатак чыгып турган. Алгач үйдү улгайган ээси кызына каттатып берген. Бирок, кызынын жүрүм-турумуна нааразы болгон эне кайра ойлонуп, сот аркылуу чечимин өзгөрткөн. Буга нааразы болгон кызы үйүнөн өрт чыгарган.

Өрттү алгачкылардан болуп 30 жаштагы кошунасы Кимберды Сатылганов көргөн. Ал дароо өрт өчүрүүчүлөрдү жардамга чакырып, өзү үйдүн жашоочуларына жардам берүү үчүн барган.

«Райондук өрт өчүрүү кызматынын атынан кошунасына ыраазычылык билдирем. Анын жардамысыз турак үй толугу менен күйүп кетип, улгайган эне көчөдө калмак», - деди Н.Мудинов.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Балта шаарында жашаган аял мас абалда ата-энесинин үйүнө өрт койгонун маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3574
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу