При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук М.Сагындыков күн сайын 5-6 уй союп сатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын тургуну Манас Сагындыков уй байлап, этин сатуу менен алектенип келет. Учурда анын короосунда 56 баш уй бар. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезден эле малга жакын болуп чоңойгон.

«Мал чарбанын сырларын бала кезден эле үйрөндүк. Мал байлап иштегениме быйыл 4 жылдын жүзү болуп калды. Ошол 4 жылдан бери жалаң гана уйларды багып, аларды семирткенден кийин союп сатып жатам. Малды сатып алгандан кийин сөзсүз ветеринардык текшерүүдөн өткөрөм. Андан соң, күнүгө эртеӊ мененки саат 5:00дөн баштап ар бир 2 саат сайын жем, чөп, суу берип турам. Негизи мен баккан уйлар жума сайын ветеринардык текшерүүдөн өтүп турушат. Малды жакшы карабаса, көздөгөн максатыңа жете албайсың. Аларга короткон эмгегиң акталбай калышы мүмкүн», - деди ал.

М.Сагындыков байлаган уйлар 2-3 айдын ичинде 250-300 кг чейин салмак топтойт.

«Уйлар семиргенден кийин союп сатабыз. Буйрутмалар ар кандай түшөт. Кээде бир күндө 5-6 уй союп калабыз. Анын акчасына кайра эле уй алып байлайм. Албетте, ар бир иштин майын чыгара билсеӊ, кирешесин да көрөсүӊ, ошол эле маалда ишиӊ да жакшы жүрөт. Сен жасаган иш элге пайдасы тийсе, бул да өтө чоӊ рахат», - деди жеке ишкер.

Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын эӊ кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу