Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 9-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Юрьевка айылындагы бастырмадан өрт чыкты. Өрт учурунда бастырманын чатыры жана 350 түк саман күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, белгисиз себеп менен Жалал-Абаддагы Сузак районунун Сасык-Булак тилкесиндеги адырдан 5 гектардагы куураган чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 735
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×