Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 08.06.2017 15:25

Сокулуктагы Белогорка санатория мектеп-интернатында 120 бала тарбияланууда (фото)

Turmush -  Сокулуктагы Белогорка токойлуу санатория мектеп-интернатына алгач жалаӊ орус улутундагы окуучулар кабыл алынган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектеп-интернатынын директору Аляскар Асыгулов билдирди.

«Бул мектеп-интернат 1959-жылы балдар үйү болуп ачылган. 1961-жылдан баштап кургак учук менен ооруган балдардын ден соолугун чыӊдоочу санаторий катары кызмат өтөгөн. Ошол жылдары ден соолугу начарлап кеткен балдарга билим, тарбия берүү менен бирге дарылоо-профилактикалык иштерди аткарып келген. Кийин бронхит, плеврит оорусуна чалдыккан балдар кабыл алына баштаган. Мектеп-интернаттын окуу имараты 1967-жылы, жатаканасы 1987-жылы курулган. Мектепке балдар кургак учукка каршы борбордун медициналык кароосунан өтүп, жолдомонун негизинде кабыл алынат.

Аталган санатория мектеп-интернаты 2013-жылга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагында болуп, жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген. КР өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык мектеп 2014-жылдын 1-январынан баштап Билим берүү жана илим министрлигине өткөн.

Мурунку документтерди карап чыксак Белогорка токойлуу санатория мектеп-интернатын ушул күнгө чейин 15тен ашык директор жетектеген. Жаӊы ачылганда мектеп орус тилинде окутуп, ушул улуттагы балдар гана кабыл алынган», - деди ал.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жана андан кийинки мезгилдерде СССРдин аймагында кургак учук күч алгандыктан токойлордо ушундай санаториялар ачылып, балдарды таза аба жана калориялуу тамак-аштар менен дарылашкан экен.

«Бул санаториядан республиканын бардык аймактарынан келген миӊдеген окуучулар дарыланып, билим алып чыгышкан. Ал мамлекет тарабынан каржыланып, айрым кем-карчтарын толуктоого эл аралык уюмдар тартылат. Мындагы тарбиялануучуларга билим берүүдө отуздан ашык педагог эмгектенет», - деди ал.

Төш-Булак айылында жайгашкан Белогорка токойлуу санатория мектеп-интернаты 4 имараттан турат. Бүгүнкү күндө билим алып, дарыланган окуучулардын саны 120га жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×