Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Бухгалтер Т.Молдалиев жасаган үй эмеректер 25 миң сомдон жогору бааланат (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Беш-Күңгөй айылынын 32 жаштагы тургуну Таалайбек Молдалиев 6 жылдан бери устачылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Нарындын Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебин 2003-жылы аяктагам. Ошол эле жылы мурунку Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтуна кабыл алындым. 2008-жылы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин бухгалтер, анализ жана аудит факультетин аяктап, кесибим менен иштеп жүрдүм. Бирок, атам райондогу белгилүү усталардын бири болгондуктан, аны жолун жолдоп кетүүгө бел байладым. Өзүм деле бала кезден устачылыкка жакын болдум. Ошентип, 2011-жылдан бери устачылык менен алектенип келе жатам. Учурда тепкичтерди, терезелерди, отургуч, стол, бешик жана башка буюмдарды жасайм. Жөн эле жасап койбойстон, өзгөчө дизайн менен мурда жок буюмдарды жасаганга аракет кылам», - деди ал.

Уста эмеректер эӊ негизгиси функционалдуу болушу керектигин белгиледи.

«Тагыраак айтканда ыңгайлуу, экологиялык жактан таза жана көзгө жагымдуу болушу керек. Эмгектеримдин баасы базардыкындай. Эгерде эксклюзивдүү жана чыгармачылыкты талап кыла турган эмерек болсо, анда ал кымбат болот. Мисалы, отургуч 2 миң 500 сом, столдун жөнөкөйү 5 миң сомдон бааланат. Эң кымбат эмгегим 25 миң сомдон жогору бааланат», - деди ал.

Таалайбек Молдалиев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында 1985-жылы 2-августта төрөлгөн.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1060
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×