Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: К.Абдыкадырова апасынын досуна келин болуп, 3 баланы тарбиялап жатат (фото)

Turmush -  Москва районунун Предтеченка айылынын кызы Калиман Абдыкадырова Аң-Арык айылынын үлгүлүү келиндеринин бири. Калиман жеңе 1980-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын атасынын кесиби ширетүүчү болсо, апасы үй кожейкеси. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Калиман Абдыкадырова 1997-жылы орто мектепти бүтүрүп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин ийгиликтүү аяктаган.

«Жолдошум менен мектепте окуп жүргөн кезимде дискотекадан таанышканбыз. Анын аты Бактияр, менден эки жаш улуу. Экөөбүздүн тең мүнөзүбүз токтоо. Кыз-жигит болуп жүргөн учурда анын сылык, чынчыл жана жоопкерчиликтүү сапатын жактыргам.

Жолдошум мени ала качканы келип, колумду сураган. Окуудагы сынактарым башталып калганына байланыштуу макул болбой үйгө кирип кеткем.

Кайненем менен өзүмдүн апам жакын достордон болчу. Жолдошумдун апасы туугандары менен биздин үйгө кулдук уруп келишкенде апам макулдугун берип, Бактияр ошол күнү ала качты кылып алып кеткен. Ошентип турмушка 22 жашымда аттандым», - деди ал.

Калиман жеңе бала кезинде мугалим болууну жана шаардык балага турмушка чыгууну кыялданчу.

«Кичинекей кезимдеги кыялым орундалып, ардактуу мугалимдик кесиптин ээси болдум. А бирок, тагдырдын буйругу менен коңшу айылга келин болуп калдым. Азыр шаарда жашагым келбейт. Берекенин баары айылда. Кыргыздын каада-салттарын бекем тутуп, ырым-жырымдарды колдонобуз. Мисалы, мен наристелердин кийимдерин түндө сыртта калтырбайм.

Жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөндө таарынышып калсак бир жумадай сүйлөшчү эмеспиз. Азыр бир аз убакыттан кийин эле сүйлөшө баштайбыз. Тун балабыз Самат 6-классты, кызыбыз Махабат 1-классты аяктаса, кенжебиз Саламат 5 жашта», - деди ал.

Калиман жеңе жаңы келин болуп келгенде чоң кайненеси пияз менен каттама, ашкабак менен манты бышырса таң калган.

«Бир жолу чоң кайненемдин көзүнчө жолдошума "суу алып келип берчи" десем, чоң кайненем "эркектер дагы суу алып келчү беле" дегенде ыңгайсыз болгом. Жаңы келгенде камырды тегиз жая албай убара тарткам. Бирок, эки кайненем тең кыр көрсөтүп, жасаган иштеримен кемтик таап урушкан эмес», - деди ал.

К.Абдыкадырова буга чейин ашпозчу, катчы, машинист жана сатуучу болуп да эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1297
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×