Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 112 кг салмактагы А.Жунушов 2 айдын ичинде 43 кг чейин арыктап, рекорд койду (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Шалта айылынын 28 жаштагы тургуну Аскат Жунушов 2014-жылдан бери оор атлетика, 2016-жылдан тартып таяк тартыш менен машыгып келет. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

«2014-жылдын июль айынан бери оор атлетика менен машыктым. 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна таяк тартыш менен катышкам. Мелдешке катышуу үчүн салмак 69 кг болушу керек экен. Ал кезде мен 112 кг салмакта болчумун. Эки айдын ичинде 43 кг чейин арыктап, өлкө боюнча рекорд жасадым. Кыргызстанда мындай көрсөткүч боло элек болчу. Арыктоо үчүн тамакты мүнөздөп ичтим жана күн сайын 30 чакырымга чейин чуркадым.

Кудайым буюрса келечекте спортто көптөгөн ийгиликтерди багындырсам деп турам. Учурда окуучуларды да даярдап жатам», - деди ал.

А.Жунушов 2016-жылы Чүй облустук мелдеште 1-орунду, ал эми таяк тартыш боюнча 2-орунду ээлеген.

Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×