При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жаш талант: 3,5 жашынан тарта чачын өстүргөн К.Казакова комузда кол ойнотуп, түймө түйөт (фото)

Turmush -  Москва районундагы Ак-Суу №1 орто мектебинин 7-классынын окуучусу Канышай Казакова ар тараптуу таланттын ээси. Ал 11 жашынан бери апасынан үйрөнгөн түймөнүн түрүн билет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Куурчактарга ар түрдүү кийимдерди, моюн орогуч, азем белектерди, жеңи кыска кофта жана башкаларды түйөм. Бош убактым аз болгондуктан чоң кийимдерди бир айда түйүп бүтөм. Кийимдердин үлгүлөрүн интернеттен карап, өзүмдүн фантазиямды кошом. Мындан тышкары, коомдук иш-чараларга активдүү катышып, комуз чертип, бийлейм. Ар бир мүнөтүмдү жөн короткум келбейт», - деди ал.

Канышай үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Асан, Үсөн аттуу байкелери бар.

«Мектепте гуманитардык сабактарды жакшы көрөм. Келекчекте фармация тармагында окусам дейм.

Ошондой эле, өзүм үчүн ырдагым келет. Ырчы Самара Каримованы кумир тутам. Анын чачы абдан жагат. Мен дагы 3,5 жашымдан бери чачыма кайчы тийгизбей өстүрүп келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×