Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Москва районунда китепканаларды өнүктүрүү иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Москва районунун Чоң-Арык айылында жайгашкан Тилекмат атындагы мектепте 4 китепкананын аткарган жана аткарыла турган иштери, ошондой эле китепканаларды өнүктүрүү тууралуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди. Маалым болгондой, иш-чарага айылдык кеңештин депутаттары жана акын-жазуучулар катышты.

Бул иш-чаранын катышуучулары китептин ролун белгилеп, китепкананын коомго тийгизген пайдасы тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле, Чоң-Арык айылынан К.Абалбеков, Ж.Апылтаев, М.Аликеева, Кепер-Арык айылынан Ж.Ысыева, Ак-Башат айылынан Э.Айдарбеков өз калемдерине таандык чыгармаларын окуп беришти. Андан соң, Тилекмат атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 895
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×