При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Токмоктук Н.Нурбеков дзюдо менен машыгып, дүйнө кыдырып жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 17 жаштагы тургуну Нурдөөлөт Нурбеков 5 жылдан бери дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Жаш спортчу менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Олимпиаданын чемпиону болом деп алдыма максат койгом. 5 жылдан бери спорт менен тынбай машыгып жатам. Спортко жаңы аралаша баштаганда 12 жашта элем. Андан бери бир топ ийгиликтерди багындырдык. Ушул 5 жыл ичинде республикалык мелдештен 3 жолу, спартакиададан 1 жолу жеңишке ээ болгом. Казакстандын бир нече шаарларына жана Россиянын Барнаул шаарына барып, Кыргызстандын атын коргоп жүрөбүз.

Бош убактымда гитара чертип ырдаганы жактырам. 2016-жылы №5 орто мектебинин 9-классын аяктагам. Азыркы тапта Агротехникалык колледждин 1-курсун аяктадым», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу