Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Ново-пакровкалык Т.Шевель кооз азем белектерди жасап, 2,5 миң сомго сатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Пакровка айылынын 24 жаштагы тургуну Татьяна Шевель кооз азем белектерди жасап сатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Бул кол эмгектерди жасоо менен өзүмдүн үйлөнүү үлпөт тоюма да даярдык көрө баштадым. Тойдогу гүлдү, стакан, бөтөлкөлөрдү жана башка буюмдарды өз колум менен кооздоп жасайм. Негизи кол эмгектерди атайын сатуу үчүн эмес, өзүм үчүн да жасап жатам. Керектүү каражаттарды Россиядан алдыртам», - деди ал.

Азем белектердин баасы 100 сомдон 2 миң 500 сомго чейин бааланат.

«Мен келечекте декоративдүү самын жасоону максат кылып жатам. Себеби, ал азыр керектүү жана популярдуу болууда», - деди кол өнөрчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×