Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кеминдик А.Сыдыков ушу саньда боюнча Азия чемпиону аталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну Азис Сыдыков ушу саньда менен 3 жылдан бери машыгып, Азия чемпиону болууга да жетишти. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

IMG_1030-04-06-17-09-50

Өзүнүн айтымында, спорттун башка түрлөрү боюнча да машыгат.

«1996-жылы Кемин районунун Кара-Булак айылында төрөлгөм. Учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетинин 2-курсун аяктадым. Спорт менен 2014-жылдан бери машыгып келем», - деди ал.

Жаш спортчу 3 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

«2015-2016-жылдары тай жана бирма боксу боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум. Ошондой эле, 2017-жылы Казакстандын Шымкент шаарында өткөн Азия чемпионатында ушу саньда боюнча 1-орунду багындырдым. Кыргызстанда өткөн көптөгөн мелдештерде да ийгиликтерди жаратып келем. Ушул жетишкен ийгиликтерим үчүн машыктыруучум Бекболсун Советбековго терең ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

IMG_1032-04-06-17-09-50

Азис келечекте мыкты спортчу жана энергетик болсом деп кыялданат.

«Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, менден улуу агам, 2 иним жана карындашым бар. Атам Канат Сыдыков тиш доктур болуп Кемин районунда эмгектенет. Апам Замира Мурсадаирова энергетика тармагында иштейт», - деди ал.

IMG_1031-04-06-17-09-50

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1188
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×