При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Кыргызстандагы 29 балалуу эң чоң үй-бүлө жаңы конуштуу болду

Turmush -  Кыргызстандагы эң көп балалуу үй-бүлө Жайыл районундагы Сосновка айылында демөөрчүлөр жана ишкерлердин жардамы менен курулган жаңы конушка көчүп кирди. Алардын кубанычына Turmush басылмасынын кабарчысы күбө болду.

Учурда Вадим Яшин менен Наталья Аслапова 29 баланын ата-энеси. Анын ичинен бешөө өздөрүнүн уул-кыздары болсо, башка үй-бүлөлөрдөн 24 баланы өстүрүү милдетин алышкан. Бирок, алар үчүн бардык балдары бири-биринен эч кандай айырмаланышпайт.

Чоң үй-бүлө жаңыдан курулуп бүткөн үйдү «Кубанычтын үйү» деп атап алышты. В.Яшиндин айтымында, үй куруу тууралуу социалдык долбоор мамлекет, бейөкмөт уюмдар жана жеке ишкерлер тарабынан ишке ашты. Ошондой эле, учурда өлкөнүн сыртында жашап жүргөн, анын ичинде Германиядагы мекендештер дагы чоң салым кошушту.

Жаңы конуштун ачылышына Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, анын орун басары Анаркүл Ниязова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча башкы адиси Гүлзина Бообекова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана башка меймандар күбө болушту.

«Бул жерде курулуш иштери кандай башталганы эсимде. Алгач бардыгы оор болду. Айрымдар бул мүмкүн эмес деп ойлошкон. Вадим Владимирович, Сиз балдар үчүн көп иш жасадыңыз. Сизге райадминистрациянын жана райондун жашоочуларынын атынан терең ыраазычылык билдирем», - деди райондун акими.

Иш-чаранын алкагында Жайыл райондук администрациянын атынан В.Яшиндин үй-бүлөсүнө кир жуучу машина белекке берилди. Ошондой эле, чоң үй-бүлөгө көптөгөн куттуктоолор айтылып, ар кандай белектер тапшырылды. Эң көп балалуу эне Н.Аслапова Кыргызстандын Президенттик аппаратынан дагы телефон аркылуу байланышып, куттуктоо айтылганын кошумчалады.

Жалпы коноктордун катышуусунда жаңы үйдүн кызыл тасмасы кесилген соң алгач балдар кирди. Ошондой эле, үй-бүлөнүн кубанычына ортоктош болгон меймандар эки кабаттуу үйдүн ичи менен таанышып чыгышты.

Жаңы үйдө балдардын чыгармачылык студиясы да жайгашкан. Анда балдар сүрөт тартып, ар кандай кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Анын ичинде аз камсыз үй-бүлөлөрдүн 7-12 жаштагы балдары чыгармачылык менен жасаган эмгектер бар. Алар дагы Наталья Горбунованын жетекчилиги менен бош убактыларында бул студияда чыгармачылык менен алектене алышат.

Жаңы үйдөгү өзгөчө бөлмөлөрдүн бири — конок үйү. Ал жерден балдар өз ата-энелери менен жолугушуп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондой эле, балдардын бөлмөлөрү, ашкана, жуунучу жай жана башка бөлмөлөр керектүү шарттар менен камсыздалган.

Буга чейин Яшиндердин үй-бүлөсү жалпысынан 120 балага тарбия берди. Алардын улуулары өз алдынча турмуш куруп, эмгектенип, бактылуу жашап жатышат.

«Явна» коомдук фондунун президенти, «Жетим балдарсыз Кыргызстан» долбоорунун жетекчиси Вадим Яшиндин эмгегин баалаган президент Алмазбек Атамбаев аны 2016-жылдын 20-январында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлаган.

А 13

Яшиндердин үй-бүлөсү өлкө башчы берген кичи автобус менен 2016-жылдын августунда «Жетим балдарсыз Кыргызстан» урааны менен саякатка чыгышкан. Алар Сосновка—Токтогул—Сары-Челек—Арсланбап—Жалал-Абад—Ош каттамдары боюнча өтүштү.

41

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12276
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу