При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Аламүдүндүк Ю.Синькова декоративдүү шам чырактарды жасайт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун 47 жаштагы тургуну Юлия Синькова декоративдүү шам чырактарды жасайт. Turmush басылмасынын кабарчысы кол өнөрчү менен таанышты.

Ю.Синькова Россияда төрөлүп, ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген.

«Мен 2016-жылдан баштап Россиянын Екатеренбург шаарынан шам чыракка керектүү буюмдарды алып келип, бул жерден жасап жатам. Шам чырактар бир саатка жетпеген убакытта жасалып бүтөт. Азыр өзүмдүн Кыргызстанда оймо-чиймелүү шам чырактарды чыгарган цехим бар», - деди кол өнөрчү.

Шам чырактардын цехтин ичиндеги баасы 150 сомдон 1050 сомго чейин бааланат.

«Менин үй-бүлөмдүн кеңеши, колдоосу жана күч-кубаты менен ушул деңгээлге жеттим. Келечекте жаңы моделдүү шам чырактарды жасайм», - деди ал.

Кол өнөрчү эки баланын апасы.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 528
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×