Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атада өз энеси бычактаган наристе 1-июнда бир жашка чыкмак (толугу менен)

Turmush -  Ысык-Атада бир жаштагы баласына бычак сайган 23 жаштагы келин бир жылдан бери психикалык оору менен жабыркап жүргөн. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактардан билдиришти.

Маалым болгондой, өз энесинин колунан каза болгон наристе кечээ, 1-июнда бир жашка толмок.

«23 жаштагы келин Ысык-Ата райондук ооруканасында медайым болуп иштечү. Ал өткөн жылы Кеӊ-Булуӊ айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөлүк уруш-талаштар көп болуп, жолдошу аялын сабачу экен. Мындан улам, бул келин психикалык жактан жабыркап, аны күйөөсү баласы менен "кызыӊарды айыктырып алгыла" деп төркүнүнө алып келип таштап коюптур. Жолдошунун үй-бүлөсү жакшы турушчу.

Келиндин апасы айылдагы ооруканада башкы дарыгер болуп эмгектенет. Анын жолдошу кызы кичинекей кезинде каза болуп, 5 баланы өзү жалгыз өстүргөн. Ал эми, наристе окуя болгон жерден каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасына маалымдалгандай, Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында 23 жаштагы келин 1 жаштагы наристенин мойнуна бычак сайган деп шектелип жатат.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 28-майда болуп, милицияга кылмыш жөнүндө маалымат түшкөн. Жерине барган иликтөөчү топ маалыматты кылмышка шектүүнүн туугандары билдиришкенин тактаган. Бул факты боюнча 23 жаштагы шектүү кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3136
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×