Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Чүй облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк Беловодск балдар үйүнө 50 миң сом белек кылды (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы бардык райондордо Балдарды коргоо күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы мектеп курагына чейинки балдар үйүнө барып, бөбөктөрдү куттуктады.

Ал эми, балдар үйүнүн тарбиянуучулары келген конокторго өздөрүнүн чакан программадагы концертин тартуулашты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Б.Кудайбергенов өкүлчүлүктүн атынан балдар үйүнүн директоруна жана эмгек жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, 50 миң сомдук сертификат тапшырды. Ошондой эле, балдарга балмуздактар жана таттуулар таратылды.

Учурда аталган балдар үйүндө 86 бала тарбияланууда. Анда ата-энесинен ажыраган балдар, ата-энелик укуктарынан ажыратылгандардын жана өтө кыйын абалда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары тарбияланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 928
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×