Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атада 23 жаштагы келин 1 жаштагы баласына бычак сайды

Turmush -  Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында 23 жаштагы келин 1 жаштагы наристенин мойнуна бычак сайган деп шектелип жатат.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 28-майда болуп, милицияга кылмыш жөнүндө маалымат түшкөн. Жерине барган иликтөөчү топ, маалыматты кылмышка шектүүнүн туугандары билдиришкенин тактаган. Бул факты боюнча 23 жаштагы шектүү кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5893
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×