При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кемин районунда Балдарды коргоо күнү салтанаттуу белгиленди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлык иш-чаранын алкагында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кемин районунун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 100дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ысык тамак уюштурулуп, белектер таратылды. Иш-чарага райондун акими У.Карагулов катышып, балдарды куттуктады. Бул иш-чара чакан программадагы концерттер менен коштолду.

Мындан тышкары, Кемин райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги Орловка шаарындагы балдарды убактылуу кармоочу «Нурмээайса» борборуна жана Кемин шаарындагы жеке менчик «Ырайым» мектеп-интернатына барып, тарбиянуучуларды куттуктады.

Балдарды коргоо күнү райондун бардык аймактарында салтанаттуу белгиленди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 459
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×