Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык Д.Сүйүмкулов Дубрава, Лимузин, Арап, Көк-Мончок деген күлүктөрдү таптап жатат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын 35 жаштагы тургуну Данияр Сүйүмкулов 4 күлүк таптап жатат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен ат минип, мелдештерге түшкөндү жактырат. Учурда Дубрава, Лимузин, Арап, Көк-Мончок аттуу тулпарларды таптап жатат.

«Мен өзүм кичинекей кезимден эле атка кызыгам. Бала кезден ат чаап, ат жарыштырып жүрчүбүз. Ат таптаганыма 5-6 жыл болуп калды. Ат таптоону өзүм эле үйрөнгөм. Анткени саяпкерлер ат таптоонун сырын эч убакта ачыктап үйрөтпөйт. Минип жүргөн атыңды сезип, ошонун негизинде өзүң эле таптасаң болот.

Менде алгач Көк-Мончок деген жалгыз атым бар эле. Ошол атымды бир жашынан баштап өзүм үйрөтүп баштагам. Көк-Мончогум мелдештерде жалаң тай, торпок утуп жүрдү. Азыркы учурда Көк-Мончок тулпарыма дагы 3 тулпар кошулду. Азыр Дубрава, Лимузин, Арап, Көк-Мончок деген 4 тулпарды таптап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 968
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
12:15,   15.10.2017   ( 0 адам окуп жатат)
×