Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Бирма боксу боюнча Азиянын чемпиону С.Калназарова 4 жыл ичинде спорттун чеберине айланды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылынын 15 жаштагы тургуну Саина Калназарова бокстун бир нече түрү менен машыгып, 4 жыл ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ал өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталып, спорт чеберине айланды. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

«2002-жылы Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында төрөлгөм. Спорт менен машыгып жүргөнүмө 4 жыл болду. 2014-жылы бирма боксу боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн мелдеште Азиянын чемпиону болгом. 2015-жылы да Азиянын чемпионатына катышып, баш байгени жеңип алгам. 2015-жылы Казакстанда муай тай боюнча өткөн мелдеште биринчи орунду багындыргам. Ушул эле жылдын февраль айында Кыргызстандын эрежесиз эр мушташ чемпионатында да 1-орунду жеңдим», - деди ал.

С.Калназарова көп ийгиликтерди багынтып, келечекте мыкты спортчу жана юрист болсом деп кыялданат.

«Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. "Эжени көрүп, сиңди өсөт" демекчи, эжем да көп жылдан бери спорт менен машыгат, сиңдим да спортчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×