Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуМосква району 31.05.2017 09:26

Аң-Арык айылында «Китеп белек кыл» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнө караштуу Аң-Арык айылындагы китепканада «Китеп белек кыл» акциясы болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган акцияга катышкан айыл өкмөт башчысы Султан Алыгулов китепканага энциклопедия белекке берди. Ошондой эле, китепканага Предтеченка айылдык кеңешинин төрагасы М.Абдыкадыров жана жайыт комитетинин төрагасы Б.Осмоналиев акчалай сыйлык, Аң-Арык айылынын активдүү тургундары тарабынан бир нече китеп жана Ш.Баялиев атындагы мектептин мүдүрү Г.Дунганова эмгек жамааты менен бирге 50 даана китеп тапшырышты. Бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары китеп тууралуу ырларды айтышып, «Кыргызстан» аттуу чыгарманы жандуу үн менен ырдашты.

Буга чейин «Китеп белек кыл» акциясы Москва районунун борборлоштурулган китепканасында, борбордук Ч.Айтматов атындагы китепканада жана Биринчи май айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айыл аймагындагы китепканаларда өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×