При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Нарындык Т.Төкөров 17 жылдан бери Чүйдө жаш спортчуларды машыктырууда (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Шопоков шаарынын 34 жаштагы тургуну Талас Төкөров 17 жылдан бери жаш спортчуларды машыктырып келет. Аймактык кабарчы машыктыруучу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн.

«Бала кезим Нарындын тоолорунда калды. Сокулук районунун Шопоков шаарына 1998-жылы көчүп келдик. Ошондон бери Чүй облусунда жашап келебиз. Спорт менен бала кезден бери машыгам. Айрыкча кармашып урушу жана ушу боюнча көп жылдар бою машыгып келдим. Бала кезде сыналгыдан спортчулардын мушташкандарын, кинолордогу спорттук мелдештерди көрүп аябай кызыкчумун. Кийин чоңойсом ушулардай болгон спортсмен болсом деп кыялданчу элем. Ошентип  тилегиме жетип, спортто бир топ ийгиликтерди жараттым. Кармашып уруш боюнча спорт чебери наамына жеттим», - деди ал.

Каарманыбыз машыктыруучулук менен 2000-жылдан тарта алектене баштагандагын кошумчалалы.

«Кызыгы мен спорттон башка өнөргө кызыкпаптырмын. Колуман келсе келгендир, бирок мен бир гана спорт менен ар бир күнүмдү өткөрүп келем. Келечекте өспүрүмдөрдү бир гана спортчу кылып тарбиялабастан кыргыз элине кереги тийген инсан болушуна себепчи болгум келет», - деди ал.

Талас Төкөров үй-бүлөлүү, бир кыздан атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×