
Turmush - Кара-Балта шаардык кеңештеги депутаттарды шайлоодо саат 18:00гө карата 49,3% шайлоочу добуш берди. Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, саат 18:00гө карата 11 миң 300 шайлоочу өз добуштарын беришти.
Учурда «Дан» МИ, №1 жана №3 орто мектеби, РЭС, ошондой эле райондук маданият үйүнүн имаратында жайгашкан аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүү улантылып жатат.
Бүгүн, 28-майда Жайыл району боюнча Кара-Балта шаарында, Полтавка, Красновосточный жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүндө шайлоо жүрүп жатат. Кара-Балта шаарында шайлоочулардын жалпы саны 22 миң 215 адамды түзүп, 17 шайлоо тилкеси ачылган.
Азыркы тапта шаардык кеңештин депутаттыгына 11 саясий партиядан 500 талапкер ат салышууда.