При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жаш талант: Канттык Н.Орумбеков «Кыргызстандын кичинекей модели» наамын жеңди (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 10 жаштагы тургуну Нурдамир Орумбеков өспүрүмдөр арасында өткөн «Кыргызстандагы кичинекей мисс жана мистер-2017» сынагында «Кыргызстандын кичинекей модели» наамын жеңип алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Кант шаарындагы №1 гимназияда окуйм. Сабактарды жакшы окуйм, музыканы жакшы көрөм. Спорт менен да машыгып, көп ийгиликтерди багындырдым. Бул сынак тууралуу социалдык баракчалардан көрүп, кастингден өтүп кеттим. Анда, жалпы 22 бала күч сынаштык. Сынак шаардагы ресторандардын биринде болду. Биз саламдашуу, талант көрсөтүү, улуттук жана майрамдык салтанатка кийүүчү кийимдер менен сахнага чыгуу тапшырмаларын так аткарып бердик. Бул сынак Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. 1-орунду алган кыз «Кыргызстандын кичинекей сулуусу» наамын жеңип, эл аралык сынактарга жолдомо алды.  Мага 2 миң сомдун сертификатын жана баалуу белектерди беришти. Бул сынакка бир жарым ай даярдандык», - деди ал.

Н.Орумбеков Бишкек шаарында 2006-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө жалгыз бала.

Анын апасы Марипа Бейшембаеванын айтуусунда, Нурдамир учак менен учканды жакшы көрөт.

«Уулумдун өнүгүшүнө болгон аракетимди жумшап жатам. Жакында эле Түркияга барып келген. Бул мамлекет менен Кыргызстанды аябай салыштырып, чоӊойгондо биздин өлкөнү өнүктүрөм деп айтып калды», - деди ал.

Бул сынак окуучулардын, өспүрүмдөрдүн талантын, жүрүм-турумун ар тараптуу өнүктүрүү мксатында уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×