Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кара-балталык Т.Сорокина жасаган сөйкө-шакектерди Крымдын айымдары сатып алышат (фото)

Turmush -  Кара-балталык Татьяна Сорокинанын айымдар үчүн жасаган сөйкө, шакек, билерик жана башка эмгектери Крымдын Ялта шаарына чейин сатылат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Мен кол өнөрчүлүктү мектепте окуп жүргөндө баштагам. Кийин кыздарга ободок жасап берип жүрдүм. Ал учурда ободоктор мода болуп жаткан. Ал эми, кол өнөрчүлүккө баш отум менен киришип, ишти баштаганыма эки жыл болду. Айымдар үчүн сөйкө, шакек, билерик жана башкаларды жасайм. Керектүү каражаттарды чет өлкөлөрдөн буйрутма берип алдыртам. Шурудан токулган буюмдар көп убакытты талап кылат. Аларды 2 же 3 күндө жасап бүтөм. Жасаган эмгектеримди Ялта шаарына чейин буйрутма менен алып кетишет», - деди ал.

Анын буюмдары 1000 сомго чейин бааланат.

«Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөнүп жатам. Каалоочулар үчүн мастер-класс көрсөтүүнү ниет кылуудамын», - деди кол өнөрчү.

Ал үй-бүлөлүү, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1241
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×