При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Панфилов районундагы жайыттарды чегиртке каптады (фото)

Turmush -  Панфилов районундагы жайыттарды чегиртке каптады.

Панфилов районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдулла Идрисов маалымдагандай, 5-майда Фрунзе айыл аймагындагы жайыт комитетинен жайыттарды чегиртке каптап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

«Текшерүү учурунда Чалдовар айылынан жогору жайгашкан жайыттарда зыянкеч чегиртке көп экендиги аныкталган. Алар буудай, арпа, кызылча өскөн талааларга чейин жетип, түшүмдү жок кылышы мүмкүн. Ошондуктан, биз Айыл чарба министрлигинин химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине кайрылдык. Эгерде аба ырайы жакшы болсо, эки жуманын ичинде зыянкечтерге уу чачып, аларды жок кылууга болот», - деди Аидрисов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу