Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуАламүдүн району 26.05.2017 16:35

Чүй облусу боюнча артыкчылык аттестатка 8 окуучу татыды

Turmush -  Чүй облусу боюнча орто мектепти артыкчылык аттестат менен 8 окуучу бүтсө, анын ичинен 2 окуучу Аламүдүн районунан аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейдалиева Элида билдирди.

«Бизде акыркы коӊгуроо салтанаттары тынч, абдан жакшы өттү. Окуучулар майрамга абдан жакшы даярданышыптыр. Облус боюнча кызыл аттестат менен бүткөн 8 окуучунун 2 окуучусу биздин райондон болду», - деди ал.

Аламүдүн району боюнча 840 окуучу мектеп менен коштошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×