Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Чүйдө Талды-Булак дарыясынын жээги бекемделип жатат (фото)

Turmush -  Чүй районунун Совет айылындагы турак жайларга коркунуч туудуруп жаткан Талды-Булак дарыясынын жээктери бекемделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин Чүй районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Максат Жылдызев билдирди.

«Кегети айыл аймагынын Совет айылынын батыш жагында жайгашкан Талды-Булак дарыясынын нугун тазалоо жана жээгин бекемдөө боюнча аталган айыл өкмөтү жана Чүй районундагы Жарандык коргоо комиссиясы менен бирге иштер жүргүзүлүп жатат. Дарыядан аккан суу Совет айылынын турак жайларына коркунуч туудуруп жаткан. Бекемдөө иштерине 2 даана бульдозер техникасы тартылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:05,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
14:02,   16.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×