При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Бала тили — бал: Эки балалуу болом, көп бала ызылдап жиберет, - 6 жаштагы Калыс

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Токмок шаарында турган Бакыт уулу Калыс.

- Атың ким?

- Калыс.

- Канчадасың?

- Ммм алтыда.

- Кимдин баласысың?

- Абылгазы атамдын.

- Эмнени жакшы көрөсүң?

- Оюнчук.

- Канча бир туугансың?

- Үч бир тууганмын.

- Сүйүү деген эмне?

- Ата-энелерди жакшы көрөт.

- Жакшы көрүү деген эмне?

- Белек бергиси келет, жардам бергиси келет.

- Акча деген эмне?

- Кийим сатып алыш керек, тамак-аш, жумушка иштеш керек.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Чоңойгондо ГАИ болгум келет, авария кылбай токтотом, катуу айдабашы үчүн.

- Качан мектепке барасың?

- Быйыл.

- Чоңойгондо канча балаң болот?

- Эки балам болот.

- Эмнеге 2 бала. Балким 4 балаң болсочу?

- Билбейм, көп бала ызылдап жиберет да.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 378
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×