Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Боролдойдогу мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр мугалимдердин урматына монумент орнотушту (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Кемин районуна караштуу Боролдой айылынын Ш.Коңурбаев атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүргөндөр мугалимдердин урматына мектептин короосуна ыраазычылык монументин орнотушту.

Бул иш-чарага Кемин районунун акими, айыл өкмөтүнүн жетекчиси, айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер катышты. Алар бүтүрүүчүлөрдү акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап, калоо-тилектерин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 938
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×