Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Токмоктук Е.Городкова тиккен бут кийимдер 700 сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 30 жаштагы тургуну Елена Городкова үйгө кийилүүчү бут кийим тигип, тойлорго бөтөлкөлөрдү кооздойт. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Мен бул кол өнөрчүлүктү интернет желелеринен үйрөндүм. Өзүм дагы идеяларымды кошуп, буюмдарды кооз кылып жасай баштадым. Бут кийимди 2-3 саатта эле тигип бүтөм. Ал эми, бөтөлкөнү кооздогонго 4-5 саат убакыт кетет. Бут кийим тигүү үчүн керектүү каражаттарды Москва шаарына буйрутма жөнөтүп алдыртам. Калгандарын бул жактан сатып алам», - деди кол өнөрчү.

Ал бут кийимди 250 сомдон 700 сомго чейин сатса, бөтөлкөнү 300 сомго кооздойт.

«Менин негизги жумушум адамдардын буттарына жылуулук тартуулоо. Азыркы учурда ар кайсы тармакта өнүгүүнү көздөп жатам», - деди ал.

Кол өнөрчү үй-бүлөлүү, эки кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1061
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×