Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 24.05.2017 13:50

Сокулукта 5-класстын окуучулары Белогорка санатордук-токой мектеби менен коштошту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы 5-класстын окуучулары Белогорка санатордук-токой мектеби менен коштошту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Аляскар Асыгулов билдирди.

«Бул мектепте бронхит, плеврит оорусуна чалдыккан балдар жатып окушат. Быйыл мектепти 117 окуучу аяктады. Эми алар башка мектептерден билимин улантышат. Окуучулардын 60% оорусунан айыгып, ден соолугу жакшырды. 117 окуучунун ичинен 15 окуучу эң жакшы деген баага окуп, ардак баракчалар менен сыйланышты. Мындан тышкары, 4-5 деген бааларга окуган 34 балага да мактоо баракчалар тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×