Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуАламүдүн району 24.05.2017 11:52

Чүйдөгү «Мыкты мугалим» наамынын ээси М.Аскарова Чоӊ-Арыктан Аламүдүнгө кичи автобус менен каттап иштейт (фото)

Turmush -  Чүй облусу боюнча өткөн «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагында 1-орунду Аламүдүн районундагы Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин мугалими Мырзагүл Аскарова жеңип алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Аскарова Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында 1986-жылы төрөлгөн.

«Терек-Суу айылындагы Курама улуу Турусбек орто мектебин артыкчылык аттестат менен бүтүрүп, 2004-жылы республикалык сынактын жогорку упайы менен Ош гуманитардык педагогикалык институтунун табият таануу факультетине тапшыргам. Аны 2009-жылы ийгиликтүү аяктап, биология жана география сабагынан мугалим болуп чыктым. Андан кийин Токтогулда чогуу окуган классташым Алтынбек Дөөлөталиев экөөбүз баш коштук. Ал үйдүн эӊ уулу баласы болгондуктан Чүй облусуна келип, Аламүдүндөгү Чоӊ-Арык айылында батирде жашап калдык», - деди ардактуу мугалим.

Ал эмгек жолун 2011-2012-жылдары мектепте баштаган.

«Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебине 2011-жылы жумушка орношуп, ал жерде ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Мектепте 5 жылдан бери «Дебат» ийримин жетектеп, шаардагы жана айылдагы мектептер арасында ай сайын өткөн турнирден 1-2-3-орундарды алып, көптөгөн ардак баракчаларга татыдык. «Мыкты спикер» наамын да алганбыз.

Окуучуларымдын арасында Саалиев Руслан 2015-2016-жылы район боюнча өткөн олимпиадада 4-орунду алса, быйыл 3-орунду камсыздады. Ага улай эле былтыр «Мыкты класс», «Мыкты класс жетекчи» деген наамдарды алдык», - деди ал.

М.Аскарова кичинекей кезинен тартып эле мугалимдик кесипке ээ болууну самачу.

«Чүй облусу боюнча өткөн «Жылдын мыкты мугалими-2017» сынагында алдыңкы орунду алышыма мектептеги мыкты мугалим, насаатчым Г.Бөлөкованын үйрөткөн методикасы түрткү болду. Ага улай «Алиппе ТВ» долбоору менен иштеп, көптөгөн методикалык ыкмаларды үйрөндүм. Негизи мугалимдик кесиптин ээси болууну бала кезден эле кыялданчумун. Бош убактымда ырдаганды, китеп окуп, баш катырмаларды толтурганды жакшы көрөм», - деди ал.

Ардактуу мугалим 3 жылдан бери Чоӊ-Арык айылынан Аламүдүн районундагы мектепке күнүгө кичи автобус менен каттап иштейт.

«Бер-Булакка 3 жылдан бери кичи автобус менен каттап иштедим. Бирок, директорум айыл өкмөткө кайрылып, ай сайын менин жолума кетүүчү чыгымды чечип берген. Мени эмгек жамаатым колдоп турат. Алардын колдоосун актап, мектептин атын чыгаруу, окуучуларга тереӊ билим берүүдө талыкпай эмгектенип келем. Учурда кызым 1-класста окугандыгына байланыштуу Воронцовкадан ижарага батир алып, ошол жердеги мектепке барып иштеп жатам», - деди мугалим.

Ал бир кыз жана бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×