При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук И.Штанько америкалык аскерлер тагынган билериктерди жасап сатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 26 жаштагы тургуну Игорь Штанько паракорд каражатынан кооз билериктерди жасайт. Аймактык кабарчы жаш кол өнөрчү менен таанышты.

«Мен бул кол өнөрчүлүктү баштаганыма аз гана убакыт болду. Жумуштан сырткары бош убактымда гана жасайм. Бул менин хоббим десем болот. Идея досум экөөбүз интернет желелеринен кол өнөрчүлүк боюнча видеолорду көргөндө жаралды. Мындай эркектердин билериктерин америкалык аскерлер тагынат. Бул билериктер "жашоону сактап калуучу" деп да аталат экен. Себеби, аны чечкенде жип болуп калат. Бир билерикти жасоого жарым саат убакыт кетет. Эгер өрүлүшү оор болсо, анда 2 саат убакытты алат», - деди ал.

Ал бир даана билерикти 150 сомдон өйдө баалап сатат.

«Мен паракорд каражатын Бишкектеги дүкөндөрдөн сатып алам. Өңдөрүн табитибизге жараша тандап алабыз. Келечекте мындан да жакшы кылып жасайын деп жатам», - деди жаш кол өнөрчү.

Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×