Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 22.05.2017 16:32

Сокулукта «Жыл мугалими-2017» наамынын ээси аныктылды (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Жыл мугалими-2017» сынагы болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысына Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Сыртбаева билдиргендей, сынакта К.Шопоков атындагы мектеп-лицейинин биология мугалими Майрамкүл Асанкунова баш байгени жеӊип алды.

«Аталган сынак Военно-Антоновка мектебинде өткөрүлдү. Ага 9 мектептен келген мугалимдер катышты. Анда мугалимдер ачык сабак өтүү, тест тапшыруу, тегерек стол жана башка тапшырмаларды аткарышты», - деди Жылдыз Сыртбаева.

«Жыл мугалими-2017» сынагында 1-орунду Комсомол орто мектебинин мугалими Жазгүл Эгембердиева, 2-орунду Бейшеналы атындагы орто мектебинин мугалими Эркайым Үмөталиева жеӊип алса, 3-орунду Биримкул атындагы орто мектебинин мугалими Кыдырбаева Бактыгүл ээледи.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×