Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 22.05.2017 15:43

Сокулуктук окуучулар Финляндия өлкөсүнүн колдоосу менен жер-жемиштерди өстүрүп жатышат (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Бейшеналы атындагы орто мектебинин окуучулары Финляндия өлкөсүнүн колдоосу менен ишке ашкан «Менин кирешелүү чарбам» долбоору аркылуу мектепке жана өздөрүнүн үйүнүн короолоруна жер-жемиштерди өстүрүп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Жыпаркүл Мусабаева билдирди.

«Бул долбоор жамааттык деӊгээлде суу ресурстарын эффективдүү, таасирдүү пайдаланууну көздөйт. Ошондой эле, окуучуларды ишкердикке, эмгекке шыктандырат жана суу жок жерлерди тамчылатып сугаруунун ыкмаларын үйрөнүшөт.

Ага улай эле "Менин коопсуз жана бейпил мектебим" долбоору да бар. Ал окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн, билимин, шыгын, жогорулатууга жана укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтүүгө багытталган. Биз мындай долбоор менен 2015-жылдын сентябрынан бери иштеп келебиз. Учурда мектептин короосуна 10 сотых жерге картошка, бадыраң, калемпир, кызылча, сабиз, жүгөрү, помидор эгилген. Андан сырткары, 7-8-класстын окуучулары ар ким өз үйүнүн короосуна да үрөндөрдү айдаганы алып кетишти», - деди ал.

Бул долбоорлор боюнча Сокулук районундагы 2 мектеп иш алып барууда.

«Долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абадга чейин барып, тажрыйба алмашып жатабыз. Квартал сайын аткарган иштерибиз текшерилип турат. Иштин натыйжасына жараша окуучуларга белектер, ардак баракчалар берилет. 20-май күнү долбоордун жетекчилери келип, мыкты деп табылган айдоо жерлерге күрөк, араа, секатор тапшырып кетишти. Долбоор менен бир гана мектеп иштешпестен, айыл өкмөт да тыгыз карым-катнаш түзүп, келишимдин негизинде иш алып барууда. Эки жылдан бери ата-энелер тарабынан окуучуларга ысык тамак уюштурулуп келет. Эӊ жакшысы айдалган өстүрүлгөн ысык тамакка пайдаланылып жатат», - деди Жыпаркүл Мусабаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×